Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:04

"Медиазона": Орусиянын абактарында "Вагнерге" жалдангандар азайды


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусиядагы "Вагнер" жеке жалданма аскер уюму абакта жаткандарды Украинадагы согушка тартуунун экинчи толкуну өткөн жылдын декабрында башталганын "Медиазона" басылмасы жазды. Журналисттер бул ирет колуна курал кармагысы келгендер өтө аз экенин аныкташкан.

Жай-күз айларында абактагыларды согушка жалдоонун биринчи толкунунда миңдеген киши согушка кеткен. Басылманын колониялардагы булактары аскерге барууну каалагандардын азайышына согушта өлгөндөр тууралуу кабарлар себеп болгонун белгилешти.

"Агентство" Телеграм-каналы орус абагында отургандарды коркутуу жолу менен согушка жөнөтүлүп жатканын жазды. Маалыматка караганда, "Вагнерге" кошулуудан баш тарткандардын жаза мөөнөтү узартып, макул болгондордун кылмыш иши кыскартылары айтылган.

Орусиядагы абактардан канча киши согушка жөнөтүлгөнү так эмес. Федералдык Жаза аткаруу кызматы өткөн жылы соттолгондордун саны дээрлик 30 миңге кыскарганын билдирген.

Февраль айынын башында "Медиазона" басылмасы "Вагнер" аркылуу абактан согушка барып, ал жакта өлгөн 567 кишинин аты-жөнүн тактаган. Журналисттер бул сан чыныгы эсептен кыйла аз болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Орусиянын абактарынан Украинадагы согушка жалданган бир нече борбор азиялык кан күйгөн кармашта каза тапканы ырасталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG