Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

ЖК: пенсия жөнүндө мыйзам долбоору тармактык комитетке кайтарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 8-февралдагы жыйынында “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Анда суроо-жооп болуп, талаш-талкуу менен коштолду.

Парламенттин Социалдык саясат комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева мындан улам документти аталган комитетке кайра экинчи окууга жөнөтүү тууралуу сунуш киргизип, көпчүлүк добуш менен өттү.

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнара Жуматаева негизинен бийик тоолуу аймактарда ар кандай шарттар менен эрте пенсияга чыгууга түзөтүү киргизилип жатканын айтты. Бул долбоордо мындай аймактарда жашаган аялдардын пенсия курагын жогорулатуу каралганын билдирди.

"Мындай аймактарда айымдардын пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу сунушу ошол айымдардын өзүнөн түшкөн болчу. "Мени пенсия курагына келдиң, кет деп жумуштан айдап жатат, мен иштейт элем" деп айтышкан. Азыр аялдар 58, ал эми эркектер 63 жашында пенсияга чыгат деген калып жатат. Болгону алты жылдын ичинде бийик тоолуу аймактарга жашагандардын жаш курагын этап-этап менен үч жылга көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Ошол эле маалда жеңилдиктер сакталат деп айтып жатабыз",-деди Жуматаева.

Адахан Мадумаров, Жанар Акаев баштаган айрым депутаттар бул мыйзам долбоорду сындап, четке кагуу керектигин, алты айдан кийин жаңы жазып келиши зарылдыгын айтышты. Бирок бул сунуш добуш берүүгө коюлган жок.

Былтыр жыл соңунда парламентте аталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган.

Кыргыз өкмөтү 2023-жылдан баштап пенсиялык ири реформалар башталарын жарыялаган. Мыйзам долбоорунун демилгечилери жалпысынан пенсияга чыгуу курагын көтөрбөөнү жана бардык жарандар үчүн бирдей шарттарды камсыздоону убада берүүдө. Бирок айрым адистер айрым категориядагы жарандар үчүн алдыдагы өзгөрүүлөрдүн натыйжасы терс болорун айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG