Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:56

Жамгырчиев Өзбекстандагы кылмыш иштин алкагында сурак бергенин айтты


Эмил Жамгырчиев.
Эмил Жамгырчиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев Өзбекстанда козголгон кылмыш иштин алкагында сурак бергенин "Азаттыкка" ырастады. Бирок ал кылмыш иштин чоо-жайын жана сурак качан болгонун тактаган жок.

"Мени буга чейин Кыргызстандын укук коргоо органдары Өзбекстанда козголгон кылмыш ишинин алкагында сураган. Азырынча мындан башка эч нерсе айта албайм", - деди депутат.

Өткөн айда Жогорку сот Башкы прокуратуранын Жамгырчиевге жана өкмөттүк аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратовго буга чейин козголгон ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра тергөө тууралуу өтүнүчүн канааттандырган.

Улуттук коопсуздук комитети Жамгырчиевди 2020-жылы октябрда ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчисинин орун басары болуп тургандагы ишине байланыштуу "пара алуу" деген беренеси менен кармаган. Мурдараак анын аты Финполдун Чүй облусундагы башкармалыгында Кытайдан 2018-жылы ташылып келе жаткан контрабандалык өрдөк этине байланыштуу козголгон кылмыш иши жана 50 миң доллардык пара боюнча окуяда аталган.

Жамгырчиев пара тууралуу айыптоолорду адегенде "ыплас ушак" деп атаган, кийин мамлекетке 20 миллион сом төлөп берген жана үй камагына чыккан. Өзгөчө көп өлчөмдө пара алууга шек саналып Жамгырчиев менен кошо кармалган Калмуратов да үй камагына чыгарылган. Экөө тең Жогорку Сотто акталган.

Жамгырчиев Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери өзбек тарапка өтүшүнө каршы добуш берген саналуу депутаттардын бири болгон. Былтыр 27-ноябрда УКМК аны Казакстанга өтүп баратканда чек арадан кармап, кайра коё бергени маалымдалган. 1-декабрда УКМК депутаттын дайыны белгисиз экенин билдирген. Жамгырчиев кийинчерээк аны чек арадан аны эч ким кармабаганын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG