Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

БУУ Өзбекстан аркылуу Ооганстанга 12 автоунаа гумжардам жөнөттү


Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Өзбекстан аркылуу Ооганстанга 12 жүк ташуучу автоунаада гумжардам жөнөттү. 40 миңден ашуун төшөнчү жүктөлгөн автоунаа Термездеги эл аралык хаб аркылуу жолго чыкканын БУУнун Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы 8-февралда билдирди.

Бул жүк 2021-жылдын октябрында өзбек өкмөтүнүн колдоосунда түзүлгөн БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын гуманитардык логистикалык аймактык борборунан жөнөтүлгөн. Расмий кабарда айтылгандай, гуманитардык борбор Ооганстанды, Иранды, Пакистанды, Борбор Азиянын жана башка өлкөлөрдү көмөк көрсөтүүчү пункт катары колдонулууда. 2021-2022-жылдары борбор жер которгон үй-бүлөлөргө, сел жана жер титирөө сыяктуу табигый кырсыктардан жабыркагандарга 217 жүк ташуучу автоунаа гуманитардык жардам жеткирген.

Өткөн жылы БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы Ооганстандын 34 аймагындагы 6 миллион кишиге ар кыл көмөк көрсөткөн.

Эл аралык коомчулук тааныбаган "Талибан" кыймылы бийликке келген 2021-жылдын августунан бери Ооганстанда каатчылык күчөп, калктын көбүн ачарчылык тооруп жатканын бир катар эл аралык уюмдар көтөргөн. Быйылкы кыштагы ызгаарда ондогон кишинин өмүрү кыйылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG