Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Украинанын президенти Владимир Зеленский Британияга барды


Владимир Зеленский жана Риши Сунак.
Владимир Зеленский жана Риши Сунак.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 8-февралда Британияга барды. Лондондогу аэропортто аны Британиянын премьер-министри Риши Сунак тосуп алды жана сүрөттөрүн Твиттерге жарыялады.

Владимир Зеленский "Улуу Британия Украинага биринчилерден болуп жардамга келген. Бүгүн мен британ элине бизге колдоо көрсөткөндүгү үчүн жана премьер-министр Риши Сунактын лидерлик позициясы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирүү максатында Лондонго келдим" деп Фейсбукка жазды.

Эл аралык маалымат каражаттары жазгандай, украин лидери британ парламентинде сөз сүйлөйт жана бул өлкөдө машыгып жаткан украин аскерлерине барат.

Британ өкмөтү Сунак украин лидери менен алыс аралыкка ракета атуучу аскердик техникаларды Киевге жеткирүү маселесин талкуулай турганын билдирди. Ал Орусиянын Украинанын маанилүү инфраструктурасына урулган сокку каршы колдонулат.

Зеленский 9-февралда Европарламенттин жыйынында да сүйлөй турганын "Азаттык" радиосунун Европадагы өкүлү Рикард Йозвяк билдирди.

Би-Би-Си радиосу Улуу Британия Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялай турганын кабарлады.

Журналисттер "күтүүсүз" деп сыпаттаган бул визит Зеленскийдин Орусия Украинага басып киргенден берки коомчулукка белгилүү экинчи эл аралык сапары. Ал өткөн жылдын аягында АКШга барган.

Украинанын чыгышында Орусия менен айыгышкан салгылашуу уланууда. Reuters агенттиги орустар эки аптадан бери Бахмут шаарын ээлөөгө аракет кылып жатканын, эки тарапта тең жоготуулар көптүгүн жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG