Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:32

Примов казак элчиси менен миграциялык эрежени жумшартууну сүйлөштү


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети. Архив сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети. Архив сүрөт.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Улан Примов 8-февралда Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолукту. Парламенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, анда эки коңшу өлкөнүн өз ара алака-катышы талкууланды.

"Комитеттин төрагасы миграциялык жаңы эреже-талаптан улам Казакстандагы кыргыз жарандарынын укуктук абалын жакшыртуу маселесине айрыкча көңүл бурду. Кыргыз тарап анын терс кесепети болоруна камтамачылык билдирди. Мындан улам бул эрежерлерди жумшартуу жагын карап чыгууну өтүндү",-деп жазылган маалыматта.

Примовдун маалымдашынча Казакстанда 48 миңдей кыргыз жараны бар.

Казакстанда 27-январдан тартып миграциялык талап жана эреже катаалдады. Ага ылайык, Кыргызстандын, Орусиянын, Беларустун жарандары бул өлкөдө жарым жыл ичинде 90 күн гана жүрө алат. Буга чейин алар Казакстанда чек арадан чыгып-кирип, чектөөсүз жүрө алчу.

Расмий Астана жаңы эрежени мыйзамсыз миграцияга каршы чара катары түшүндүрүп жатат. Бул жагдай коңшу өлкөгө такай каттап оокат кылган кыргыз жарандарынын кооптонуусун күчөттү.

XS
SM
MD
LG