Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Amnesty International: Кыргыз соту "Азаттык" аркылуу сөз эркиндигинин тагдырын чечет


Ленин райондук соту. 2023-жылдын 9-февралы.
Ленин райондук соту. 2023-жылдын 9-февралы.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Amnesty International ("Эл аралык мунапыс") уюму билдирүү таратып, кыргыз бийлигин соттон арызын кайтарып алып, журналисттерди коркутуп-үркүтүүнү, сөз жана ой-пикир эркиндигин чектебөөго чакырды.

“Эртең Бишкектеги сот бир гана “Азаттык” радиосунун эмес, иш жүзүндө өлкөдөгү сөз эркиндигинин тагдырын чечет. “Азаттык” радиосунун улуттук бюросу жабылган шартта Кыргызстандын бийлигинин аракеттерине сөз эркиндигине каршы масштабдуу ачык чабуул жана өлкөдөгү окуяларды ар кандай сынчыл көз караш менен чагылдырууга чыдамсыздык дегенден башкача баа берүүгө болбойт. Amnesty International (“Эл аралык мунапыс” уюму) өлкө бийлигин бул арыздан баш тартууга, журналисттерди жана өкмөттү сындагандарды куугунтуктоону жана коркутууну токтотууга, ойду эркин айтуу укугун толугу менен урматтоого, алга сүрөөгө жана аны ишке ашырууга көмөктөшүүгө чакырат", - деди уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директорунун орун басары Денис Кривошеев.

9-февралда Бишкекте “Азаттык” радиосуна байланыштуу эки соттук отурум белгиленген.

Бишкек шаарындагы Ленин райондук соту “Азаттык Медианын” мекемесин Жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өтүнүчүн кароону 20-февралга жылдырды. Буга аталган министрликтин отурумду башка күнгө жылдыруу жана экспертиза дайындоо өтүнүчү себеп болду. Доогер тараптын өкүлдөрү 9-февралдагы сот процессине келген жок.

Бишкек шаарынын административдик соту болсо "Азаттык Медиа" мекемесинин Финансылык чалгын кызматына каршы арызын кароону 16-мартка жылдырды. Процессте аталган медианын адвокаты Нурбек Сыдыков Чалгын кызматынын "Азаттыктын" банктагы эсебин бөгөттөө тууралуу буйругун берүүнү өтүндү жана судья бул өтүнүчтү канааттандырды. Бирок жоопкер тараптын жанында бул документ жок болгондуктан судья бул документти "Азаттыктын" юристерине берүүнү тапшырып, жараянды 16-мартка жылдырды.

Былтыр 26-октябрда аталган министрлик "Азаттык Медианын” веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга негиздеген.

Министрликтин бул кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап чыгышты.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырып келет.

Соңку жолу 20-январда АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес жана комитеттин мүчөсү Жим Риш Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жана "Азаттык" радиосу туш болгон чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кат жолдошкон. Алар "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам көз карандысыз медианы чектөө үчүн, өзгөчө "Азаттык" радиосунун сайттарын жана банк эсебин бөгөттөө үчүн колдонгонун айыпташкан.

Буга президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 22-январда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берип, өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин жана "Азаттык Медиа" боюнча чечим мыйзамдын талабына ылайык кабыл алынганын белгилеген.

Ага чейин Human Rights Watch уюму, "Журналисттерди коргоо комитети" жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор, кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого" чакырышкан. АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү кыргыз бийлигине кайрылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG