Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Түркия менен Сирияда зилзалада набыт болгондор 12 миңден ашты


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде, жер титирөө жалпысынан 23 миллиондой адам жашаган аймакта болду.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде, жер титирөө жалпысынан 23 миллиондой адам жашаган аймакта болду.

Түркия менен Сирияда катуу жер титирөөдө курман болгондордун саны 12 миңден ашты. Бул тууралуу Reuters баштаган бир катар маалымат агенттиктер кабарлады. Дагы миңдеген адам жараат алды. Куткаруучулар уранды алдынан аман калгандарды табуу үмүтү азайып баратканын айтып жатышат.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган зилзаладан жабыркагандарга алгачкы жардам көрсөтүү иштери жетишсиз болгонун мойнуна алды. Ал шаршембиде, 7-февралда апаат болгон аймактарды кыдырып жүргөндө кырдаал көзөмөлдө экенин "эч ким башпаанексиз калбасын" билдирди. Оппозициялык күчтөр бийликтин кырсыктын алдын алуу, чукул жардам көрсөтүү аракети жетишсиз болгонун айтып сындап чыгышты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде, жер титирөө жалпысынан 23 миллиондой адам жашаган аймакта болду жана уюмдун божомолунда набыт кеткендердин жалпы саны 20 миңден ашышы мүмкүн.

Бириккен Улуттар Уюму өз фондунан жер титирөөнүн кесепети менен күрөшүп жатканы бул эки өлкөгө 25 миллион доллар бөлүп берди.

6-февралда Түркия менен Сирия чектеш аймакта эки жолу катуу жер силкинген. Күчү 7,5-7,8 баллга жеткен зилзалада бир канча шаар-кыштак талкаланды.

XS
SM
MD
LG