Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Нукустагы окуяларга байланыштуу үч коопсуздук кызматкери камалды


Нукус шаарындагы демонстрацияда тартылган сүрөт.
Нукус шаарындагы демонстрацияда тартылган сүрөт.

Каракалпакстанда былтыркы демонстрацияларда күч кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу үч адам камакка алынды.

Аларга кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын Башкы прокуратура 9-февралда билдирди.

Декабрда Каракалпакстандагы окуяларды иликтеген парламент түзгөн көз карандысыз комиссия коомчулукту кызыктырган маселелер боюнча Башкы прокуратурага кат жолдогон.

Анда “күнөөлүүлөрдү кармоодо кызматтык милдеттеринен четтеп, ашыкча күч жана каражаттарды колдонгон укук коргоо кызматкерлерине мыйзам чегинде чара көрүлөбү?” деген суроо коюлган.

Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан.

Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 киши каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун киши кармалган.

Январдын аягында 22 кишиге сот өкүмү чыгып, сегиз жылдан 16 жылга чейин камалышты. Алардын бири абакта көз жумду. 6-февралда дагы 39 кишинин соту башталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG