Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

Жапон чалгын кызматы: Украинада 20дан ашуун орус генералы набыт болду


Орусиянын президенти Владимир Путин жана коргоо министри Сергей Шойгу (архив).
Орусиянын президенти Владимир Путин жана коргоо министри Сергей Шойгу (архив).

Өткөн жылдын февраль айынан бери Украинадагы согушта 20дан ашуун орусиялык генерал каза болгонун "Никкэй" басылмасы жапон чалгындоо кызматына таянып билдирди.

"Жогорку даражалуу офицерлердин өлүмү Батыш үчүн адаттан тыш көрүнүш жана орус армиясынын алсыздыгын айгинелейт", - деп жазды басылма. Материалда каза болгондордун аты-жөнү аталган эмес.

Буга чейин ачык булактардагы маалыматтарга таянып "Медиазона" басылмасы төрт орус генералы өлгөнүн жазган.

Орусия Украинадагы жоготуулары жөнүндө так маалымат бербейт. Батыш булактары жарадарлар жана өлгөндөр 100 минден көп экенин божомолдойт.

Москва согуштук аракеттер учурунда ондогон украин генералдары өлгөнүн билдирип келатат, ачык маалыматтар муну тастыктабайт. Киев жоготууларды ачык айтпайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG