Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:15

УКМК кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Женго” каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү – Г.У.Н жана Н.А.А. аттуу жарандар кармалганын 9-февралда билдирди. Маалыматта алар Ош облусунун тургунунан 14 миң 500 АКШ долларын талап кылып, тергөө органдарынан жашынып жүргөнү айтылат.

Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча козголгон ишинин алкагында кармалгандар УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.

Атайын кызмат билдиргендей, ушул кылмыш иштин алкагында буга чейин эки жаран кармалган, бирок Г.У.Н. жана Н.А.А. Бишкек жана Ош шаарларында жашынып жүргөн.

Жаңы кармалгандар мурда мурда "каракчылык" жана "каракчылык" беренелери боюнча бир нече жолу соттолуп, Жазаларды аткаруу кызматынын №43 колониясында каттоого алынган. Алардын бири Н.А.Ага абак жайына каттоого туруктуу келбегени үчүн Ички иштер министрлиги издөө жарыялаган.

“Азыркы учурда кармалгандардын мындан башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги текшерилүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

13-январда Ош шаарында белгисиз бирөөлөр бир кишини арматура менен койгулап жатканы тартылган видео коомчулукта талкуу жараткан. Үрөй учурган бул окуяда бир адам өлүп, дагы бир киши катуу жабыркаганы маалым болгон.

Шаардык милиция адам өлтүрүүнү уюштурууга айыпталган, кылмыш дүйнөсүндө "Женго" каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов баштаган беш кишини кармаган.

Досонов буга чейин оор беренелер менен айыпталып, бир нече жолу кесилип, кайра эркиндикке чыккан. Аны соңку ирет аны 2021-жылдын февраль айында Улуттук коопсуздук комитети кармаган. Былтыр сентябрда Жогорку Сот төмөнкү инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG