Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

УКМК Токмокто мыйзамсыз иштеген майнинг ферма табылганын билдирди


Майнинг ферманын техникалары. УКМКнын сүрөтү.
Майнинг ферманын техникалары. УКМКнын сүрөтү.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) өлкөдөгү энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу иш-аракеттеринин натыйжасында Токмок шаарында мыйзамсыз иштеген майнинг ферма табылганын билдирди. Атайын кызмат алдын ала эсепке ылайык, мамлекет андан бир миллион сомдук зыян тартканын кабарлады.

"Иликтөөнүн жүрүшүндө "Айдоочулар бирикмесинин Токмок шаардык кеңеши" коомдук бирикмесине таандык гаражда майнинг-ферма бар экени аныкталды. Комиссиялык текшерүүдө Токмок шаардык салык кызматынын, райондук электростанциясынын кызматкерлеринин жана 1988-жылкы Д.Т.А. аттуу тургундун катышуусунда гараждардын ичиндеги жертөлөдөн "S9" жана "L3" маркасындагы 24 даана криптовалюта жабдуулары табылды. Бул жабдуулар электр эсептегичтерин айланып өтүп, Токмок электр бөлүштүрүүчү зонанын тармагына түз кошулганы белгилүү болду", - деп жазылган маалыматта.

УКМК буга чейин дагы мыйзамсыз иштеген майнинг-фермалар аныкталганын билдирген.

Өлкөдө электр энергиясынын жетишсиздигинен улам “Улуттук энерго холдинг” компаниясы майнинг ишканаларына жарык берүүгө тыюу салган.

Электрондук валюта чыгарган компаниялар майнинг ферма деп аталат. Алар көптөгөн компьютерлердин жана серверлердин жардамы менен татаал техникалык тапшырмаларды чечүү аркылуу жаңы криптовалюта чыгарат. Бул үчүн электр энергиясын өтө көп колдонулат, токту суткасына 24 саат, жыл бою үзгүлтүксүз алып турушу керек.

Кыргызстанда электрондук акча чыгарган компанияларга тыюу салынган эмес, бирок электрдин аздыгынан аларга ток берилбей келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG