Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун кайра даярдаган жумушчу топ түзүлдү


Кыргызстанда буга чейин биригүү укугун, бейөкмөт уюмдардын ишин чектеген мыйзам долбоорлоруна каршы бир катар нааразылык акциялары өткөн.
Кыргызстанда буга чейин биригүү укугун, бейөкмөт уюмдардын ишин чектеген мыйзам долбоорлоруна каршы бир катар нааразылык акциялары өткөн.

Президент Садыр Жапаров "Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар жөнүндө" мыйзам долбоорун "жеткире иштеп чыгуу" боюнча жумушчу топ түздү. Мамлекет башчы 9-февралда атайын тескемеге кол койду. Документке ылайык, топту президенттик администрациянын укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов жетектейт жана долбоор ушул жылдын 1-июлуна чейин даяр болуп, коомдук талкууга коюшу керек.

Жумушчу топко президенттик администрациянын, мамлекеттик министрлик-мекемелердин кызматкерлеринен сырткары "Адилет" укуктук клиникасы, "Журналисттер" коомдук бирикмеси, "Сорос Кыргызстан", жана "Бир дүйнө-Кыргызстан" баштаган бир катар бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү кошулган.

Өткөн жылдын аягында укук коргоочулар, бейөкмөт уюм, жарандык коомдун 40ка жакын өкүлү президент, Жогорку Кеңеш, Министрлер кабинети, Акыйкатчы институтуна кайрылып, бейөкмөт уюмдар жөнүнда сунушталып жаткан мыйзам долбоорлоруна тынчсыздануу билдирген.

Кайрылууда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү демилгеси бейөкмөт уюмдардын ишин чектей турганы, демократияга каршы келери жазылган.

Анда "коомдук талкууга кайрадан киргизилген мыйзам долбоору да негизги демократиялык принциптерге каршы келген басмырлоочу ченемдерди камтыйт жана ал кабыл алынган учурда коммерциялык эмес уюмдардын (КЭУ), анын ичинде Кыргыз Республикасында иштеп жаткан чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши олуттуу чектелет" деп белгиленген.

Жарандык коом кыргыз бийлигин адам укугу жаатындагы эл аралык милдеттенмелерге каршы келген мыйзам долбоорлорун колдобоого чакырууда.

Надира Нарматова өзү сунуштаган долбоор аркылуу "бейөкмөт уюмдардын ишин көзөмөлдөө керектигин" айтып келет.

Буга чейин президенттик администрация "Массалык маалымат каражаттары" жөнүндө талаштуу мыйзам долбоорунун айрым беренелерин кайрадан карап чыгууга макул болгон. Анда медиа сектордун 20 өкүлүнөн турган жумушчу топ түзүлүп, даяр болгон документ экспертиза үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүлөрү айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG