Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Жогорку Кеңеште ооган кыргыздарынын көйгөйү айтылды


Памирлик кыргыздар.
Памирлик кыргыздар.

Жогорку Кеңештин 9-февралдагы жыйынында депутат Чолпон Султанбекова Ооганстандагы кыргыздарды алып келүү маселесин көтөрдү. Ал ушул тушта Файзабад шаарында 65 памирлик кыргыз бир канча күндөн бери паспорт алалбай жатканын, кыйналып турганын билдирди.

"Алардын каражаттары түгөнүп, балдары ооруп жатыптыр. Алар Кыргызстанга келебиз деп мал-жандыктарынын баарын саткан. Бирок паспорт маселе болуп жатыптыр. Биз протоколдук тапшырма дагы бердик эле. Биз аларга жардам беришибиз керек. Министрлер кабинети тез арада ушул маселени чечип, памирлик кыргыздарга жардам беришибиз керек",-деди Султанбекова.

Өткөн айда Ооганстандагы эки миңге чукул кыргыз байырлаган Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алып, жарым айда 20дан ашуун адам каза болгонун "Азаттыкка" бул аймактан Кыргызстанга келип отурукташып калган Абдулвакил Турдакун уулу айтып берген.

Президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов алардын абалын билүү үчүн ал жакка элчиликтин ишенимдүү өкүлү жөнөтүлгөнүн билдирген. Ошондой эле ал быйыл май айында Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн бардык шарты бар 400 үйдүн курулушу башталатрын айткан.

Былтыр жайында кыргыз өкмөтү 2022-2024-жылдар аралыгында бюджеттен каралган 244,5 миллион сомго Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган 1,5 миңдей этникалык кыргыз (400 үй-бүлө) көчүрүп келери маалым болгон.

Ага чейин 2019-жылы 50 адамдан турган 11 памирлик үй-бүлө көчүрүлүп келип, алар үчүн Алай районунун Сары-Могол айылына үй курулган.

2017-жылы Нарынга алынып келинген элүүдөй кыргыздын айрымдары Ооганстанга кайра кайткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG