Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

Казакбаев: кыргыз жарандары Газиантептен Ташкент аркылуу эвакуацияланат


Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен.
Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев жер титирөөдөн жабыркаган аймактардан кыргыз жарандарын мекенине Ташкент аркылуу жөнөтүү маселеси чечилгенин билдирди.

"9-февралда эртең менен (так убактысы такталууда) Газиантеп-Ташкент багыты боюнча Өзбекстандын атайын учагы менен Кыргызстандын жарандарын алып чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди. Мындан улам Өзбекстан аркылуу мекенине кайтууну каалаган кыргыз жарандары Газиантептеги аэропортко тез арада келүүнү суранабыз. Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот: +90 545 6896800, +90 552 8781158, +90 534 8388551",-деп билдирди Казакбаев.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги соңку маалыматына ылайык, зилзалада набыт болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Буга чейин элчилик Газиантеп шаарынан 17 кыргызстандыкты Казакстанга учак менен жөнөтүү маселеси чечилгенин билдирген. Аларды Астанадан кыргыз элчиси тосуп алып, убактылуу жайга жайгаштырып, Кыргызстанга жөнөтөрүн кабарлаган.

Ошондой эле 20дан ашык кыргызстандык Газиантептен Анталияга, Аланияга жана Анкарага эвакуацияланат деп маалымдалган. Кыргызстандын Анталиядагы консулдугунун кызматкерлери Хатай провинциясынан ондой кыргызстандыкты коопсуз жерге көчүрүп жатат. Буга чейин Османийе жана Адана шаарларынан беш жаран эвакуацияланган.

Кахраманмараш шаарында жашаган, буга чейин дайынсыз болуп жаткан эки жаран байланышка чыгып, ал жерден үч жаран коопсуз жайга чыгарылды. Малатия шаарында он адамга жардам берилип, алардын ичинен эки бала жана кош бойлуу аял Түркиянын аскердик учагы менен Анкарага жеткирилди.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Анкара жана Стамбул шаарларында гуманитардык жардам чогултуу пункттары иштеп жатканын, Кыргызстандан барган куткаруучулар тобу Кахраманмараш шаарында ишке киришкенин билдирген.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Соңку маалыматка караганда, Түркия менен Сирияда мерт болгондор 11 миңден, жарадарлар 45 миңден ашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG