Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Түркия: зилзалада тек-жайы аныкталбаган сөөктөр жерге берилет


Урандылардан табылган сөөктү алып бара жаткан куткаруучу. Адана. 6-февраль.
Урандылардан табылган сөөктү алып бара жаткан куткаруучу. Адана. 6-февраль.

Түркияда зилзалада мерт болгон, жакындары табылбаган жана тек-жайы аныкталбаган сөөктөр 24 сааттын ичинде жерге берилет. Бул тууралуу 8-февралда өлкөнүн Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (AFAD) кабарлады.

"Табигый кырсыкка кабылган аймактарда сөөктөрдү сактоодо көйгөйлөр болушу мүмкүн экенин, сөөктөрдүн бузулушу, алардын туугандары же тааныштары же соттук-медициналык экспертизанын ыкмалары менен таанылбай калган сөөктөрдү эске алуу менен, 24 сааттык күтүүдөн кийин, ДНК, бармак изинин үлгүсү жана сүрөтү алынгандан кийин, прокуратуранын жана жарандык административдик органдын чечиминин алкагында диний жөрөлгөлөргө ылайык сөөктөрдү көмүү туура деп бектилди", - деп жазылган агенттиктин расмий сайтындагы билдирүүдө.

Соңку маалыматка караганда, Түркияда мерт болгондор 9 миңден, жарадарлар 50 миңден ашты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, Түркиядагы элчилик Анталья жана Стамбул шаарларындагы башкы консулдуктар менен бирге кыргызстандыктар каза болгондор жана жабыркагандар арасында бар же жогун тактоо иштерин улантууда.

Жардамга муктаж кыргыз жарандарына колдоо көрсөтүлүп, Адана, Кахраманмараш жана Османийе шаарларынан коопсуз жактарга сегиз кыргызстандык жеткирилгени, Малатья шаарында тогуз кыргыз жаранына (экөө балдар, бирөө кош бойлуу келин) жардам берилип жатканы маалымдалды.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG