Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

ЖК: чек ара жаңжалында үйү тонолгондорго жардам берүү маселеси көтөрүлдү


Кыргыз тарап былтыркы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 8 млрд. сомдон ашуун зыян тартканы маалымдалган.
Кыргыз тарап былтыркы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 8 млрд. сомдон ашуун зыян тартканы маалымдалган.

Жогорку Кеңештин 9-февралдагы жыйынында депутат Камила Талиева былтыр сентябрда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш маалында үй-жайы, мал-мүлкү тонолгондор жардамга муктаж экенин айтты. Ал буга байланыштуу кайрылуулар көп экенин билдирип, өкмөт бул маселени чечиши керектигин белгиледи.

"Баткенде эки айыл өкмөттөн чек ара жаңжалында үйлөрү тонолгон 131 адамдан мага кайрылуу келип түштү. Алар кыштын күнүндө материалдык жактан кыйналып турганын жазыптыр. Үйлөрү тонолуп, эч нерсеси калбай калганын, аларга эч кандай жардам берилбегенин айтышты. Алар чыгым болду да. Жардам үйү күйгөндөргө берилип жатат, мен буга ыраазычылык билдирем. Мен үй-жайы тонолгондордун арыздарын чогултуп туруп өкмөткө жөнөтөмүн. Ушул маселени карабасак болбойт", - деди Талиева.

2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тартканы маалымдалган. Баткен облусу боюнча жалпысынан 426 үй жашоого жараксыз абалга келген. Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен өрттөлүп, тонолгон. Турак жайларды калыбына келтирүү үчүн өкмөт 1 млрд. 300 миллион сомдон ашык каражат бөлүп, октябрда иш башталган.

Кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан кандуу кагылышта 60тан ашуун жаранынан айрылган. 200дөн ашуун адам жарадар болгон. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун расмий билдирген. "Озоди" чек арада каза тапкан делген 80 ашуун кишинин тизмесин жарыялаган. Эки тарапта тең каза болгондор арасында балдар бар.

XS
SM
MD
LG