Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:02

Кыргызстан Түркиядан дагы 22 жаранын эвакуациялады


Түркиядан эвакуация болгон кыргыз жарандары. 2023-жылдын 9-февралы.
Түркиядан эвакуация болгон кыргыз жарандары. 2023-жылдын 9-февралы.

Кыргызстан Түркиядан Казакстан аркылуу дагы 22 жаранын эвакуациялаганын өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 9-февралда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Казакстандын атайын рейси менен Астанага учуп барган кыргызстандыктарды элчиликтин жана диаспоранын өкүлдөрү тосуп алышты. Аларга тамак-аш уюштурулуп, азыр автожол менен Кыргызстанга алып келүү маселеси чечилүүдө. Эвакуация болгондордун бири - алты айлык ымыркайы бар келинге Бишкекке учакка билет сатылып берилди.

8-февралда Астана аэропорту аркылуу Кыргызстандын 17 жараны эвакуацияланган.

Жер титирөөдөн жабыркаган аймактардан кыргыз жарандарын мекенине Ташкент аркылуу да жөнөтүү маселеси чечилгенин 9-февралда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев билдирди.

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондор жалпысынан 15 миңден ашканын 9-февралда эртең менен “Би-Би-Си” кабарлады. Алардын 12,5 миңдейи Түркияда экенин, жараат алгандар 63 миңдин тегерегинде болуп жатканын бул өлкөнүн Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (AFAD)маалымдады.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен.

Түркияда жердин титиреши 10 аймакта катталды. Бул өлкөдө расмий эсепте 25 миңдей кыргыз жараны бар. Каза болгондор жана жараат алгандар арасында кыргызстандыктар жок экени өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин соңку маалыматына айтылды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG