Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:51

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондор 15 миңден ашты


Түркия.
Түркия.

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондор жалпысынан 15 миңден ашканын 9-февралда эртең менен Би-Би-Си кабарлады. Алардын 12,5 миңдейи Түркияда экенин бул өлкөнүн Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (AFAD) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жараат алгандар 63 миңдин тегерегинде болууда, куткаруу иштери уланып жатат.

6-февралда Түркия менен Сирия чектеш аймакта эки жолу күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Табигый кырсык Түркиянын 10 аймагында болду. Бул өлкөдө расмий эсепте 25 миңдей кыргыз жараны бар. Каза болгондор жана жараат алгандар арасында кыргызстандыктар жок экени өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин соңку маалыматына айтылды. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG