Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Кыргызстанда антибиотик боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлдү


Кыргызстанда антибиотик дарыларды туура колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлдү. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ден соолукту чыңдоо борбору 9-февралда кайрылуу жарыялап, антибиотиктерди туура колдонуу эрежелери жана анафилактикалык шок деген эмне экендиги жөнүндө маалымат жарыялады.

“Антибиотикти туура эмес колдонуу анын ооруларга күчү жетпей калышына, оорунун ага туруктуу бактерияларынын пайда болушуна алып келет. Аны дарыгер гана жазып бере алат, себеби ал кайсы ооруга кандай жана канча дары керек экенин билет”, - деди медицина илимдеринин доктору Аида Зурдинова.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери антибиотик сайгандан кийин аллергиялык реакциянын айынан анафилактикалык шок абалга кептелген тогуз адам катталганын, алардын бири өзүнө келе албай каза болгон 3-февралда Саламаттык сактоо министрлиги билдирген. Териштирүү жүргүзгөндө мындай реакция “Цефтриаксон” дарысын көпчүлүк учурда үй шартында сайгандан кийин пайда болгону аныкталган.

Кыргызстанда антибиотик дарыгердин рецептинин негизинде гана сатылат деген эреже бар, бирок көпчүлүк дарыканаларда мындай талап сакталбайт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG