Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

Орус элчилигинин алдына акцияга чыккан адамды милиция кармап кетти


Орусия элчилигинин алды. 2023-жылдын 9-февралы.
Орусия элчилигинин алды. 2023-жылдын 9-февралы.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 9-февралда акция өткөрүү үчүн барган адамды милиция кармап кетти. “Азаттыктын” кабарчылары жеринен маалымдагандай, ал адам дөңгөлөктүн тышын өрттөөгө аракет кылган, акциянын максаты тууралуу суроого толук жооп берүүгө үлгүрө алган жок.

Ал “Мен Владимир Владимирович Путинге жети жолу жаздым, жооп берген жок. Видео кайрылуу да жөнөттүм, жооп болгон жок” деп гана айтууга үлгүрдү.

Милиция окуя тууралуу расмий маалымат кийинчерээк болорун билдирди. Элчилик комментарий бере элек.

Орусия былтыр Украинага кол салгандан кийин элчиликтин алдында бир нече жолу орус бийлигине каршы жана аны колдогон акциялар өткөн. Кийин жергиликтүү бийлик ал жерде акция уюштурууга тыюу салып койгон. Бишкектин мындан башка бир нече жеринде да митинг-пикет уюштурууга тыюу салынган чечимдин мөөнөтү 31-мартка чейин узартылган. (AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG