Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Догдурбеков ЭлТР "ПолитКлиниканы" сотко берерин айтты


ЭлТР телеканалы. Архив сүрөт.
ЭлТР телеканалы. Архив сүрөт.

ЭлТР телеканынын директору Эрлан Догдурбеков “ПолитКлиника” басылмасын сотко берүү үчүн документтер даярдалып жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Мунун алдында президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков "ПолитКлиниканы" жалган маалымат таратууга айыптаган. Ал 8-февралда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу "президенттин ишмердүүлүгү тууралуу жалган маалыматтарга ыкчам көңүл бурабыз жана аныгын тактап бергенге даярбыз. Бул жолу Дилбар Алимова жетектеген “Политклиника” медиасы такталбаган калп маалыматтарды таратты",-деп билдирген.

"ЭлТР телеканалы энергетика тармагына алынган тышкы насыялар тууралуу маалымат көрсөтүп, Садыр Жапаровдун учурунда энергетика тармагына бир дагы насыя албаганын белгилеген. "ПолитКлиника" сайты ЭлТРдин бул маалыматын жалганга чыгарып, такталбаган маалыматтар менен манипуляция жасаган. Кеп президент Жапаровдун ишмердигине байланыштуу болуп жаткандыктан бул маалыматты тактап коюу үчүн Каржы министрлигинин, Энергетика министрлигинин жана ЭлТРдин, "ПолитКлиника" сайтынын өкүлдөрүн да чакырдык. Тилекке каршы, алар келген жок. "Биз ачык булактарга таянып жазып кое беребиз, биз жөн эле обзор кылганбыз, фактчек дегендин мазмуну ушундай",- деген сыяктуу шылтоолорун айтты. Дилбар Алимова журналистика этикасы, медиасабаттуулук боюнча башкаларга окууларды уюштуруп келет. Бирок, бул материалында журналисттик этика сакталган эмес. Муну маалыматтык манипуляция, чындыкка дал келбеген караандай калп, өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле жана максаттуу каралоо деп эсептейбиз", - деп жазган Орунбеков.

Дилбар Алимова "Азаттыкка" комментарий берип жатып, аталган басылма такталган гана маалыматтарды чыгарарын" белгилеген. Ал Орунбеков атаган материалдардагы маалыматтардын баары ачык булактардан алынганын, буга байланыштуу учурда атайын макала даярдалып жатканын айткан.

"ПолитКлиника" соңку кездери фактчект аркылуу кайсы бир маалыматтардын, билдирүүлөрдүн чын-бышыгын фактылар, далилдер менен тактаганга аракет кылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG