Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Бишкек ЖЭБи газга өтсө тариф 30-40% жогорулай турганы айтылды


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) газга өткөрсө, ал иштеп чыккан жылуулук жана электр энергиясынын баасы 30-40% жогорулашы ыктымал экенин бүгүн 9-февралда Бишкек шаардык кеңешинин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда ишкананын директору Нурлан Өмүркул уулу билдирди.

Шаардык кеңештин депутаттары ыш маселесин көтөрүп, буга ЖЭБдин түтүнү себеп болуп жатканын айтышты жана аны азыркыдай көмүр жагып эмес, газ менен иштетсе борбор калаанын абасы тазара турганын белгилешти.

Нурлан Өмүркул уулу бул маселени ЖЭБ эмес, тийиштүү мекемелер чечерин, газга өткөрүү демилгеси бир топ жылдан бери көтөрүлүп келатканын, техникалык жактан андайдын оорчулугу жок экенин, бирок экономикалык жактан суроолор пайда болушу мүмкүндүгүн айтты.

Директордун билдиришинче, азыркы кезде ЖЭБ 96% көмүр менен, 4% газ менен иштейт.

Быйылкы күз-кыш мезгилине көмүрдүн 1 млн. 50 миң тоннасы Кыргызстандан, 400 миңи Казакстандан сатылып алынды.

Бишкек шаары соңку жылдары айрыкча суук түшкөндө дүйнөнүн абасы эң булганган шаарларынын катарына кирүүдө. Шаардын үстүн боз ыш каптап турган сүрөттөр жана видеолор социалдык түйүндөрдө тарап, кызуу талкууга алынып келет.

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкекте абанын булганышына алып келип жаткан себептер боюнча маалымат берип, биринчи себеби ЖЭБ, экинчиси – Бишкектин тегерегинде башаламандык менен курулуп кеткен курулуштар, үчүнчүсү – автоунаалар экенин билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG