Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:39

Словакия Украинанын МиГ-29 аскер учагын жөнөтүү өтүнүчүн карайт


Эдуард Хегер.
Эдуард Хегер.

Словакия Украинага советтик өндүрүштөн чыккан МиГ-29 учагын жөнөтүү маселесин карайт. Мунун алдында расмий Киев Братиславага аскер учактарын жөнөтүү өтүнүчү менен кайрылган эле. Бул тууралуу Reuters агенттиги словак преьер-министри Эдуард Хегерге шилтеме кылып жазды.

“Украинанын президенти менден “мигдерди” жөнөтүүнү суранды. Киевден расмий өтүнүч келип түшкөндөн кийин буга байланыштуу сүйлөшүү жараянын баштоого мүмкүнчүлүк түзүлдү”,-деген Хегер.

Батыш өлкөлөрү буга чейин Украинага аскердик учактарды берүүдөн баш тартып келген.

Украин президенти Владимир Зеленский 9-февралда бир катар европалык өлкөлөрдүн лидерлери аскердик учактарды берүүгө даярдыгын билдиргенин айткан.

Ал апта аягында Лондонго, Брюсселге, Парижге барып, Киевдин өнөктөштөрүнөн аскердик жардам, анын ичинде заманбап курал-жабдык берүүнү сурады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG