Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:56

Түркия менен Сирияда зилзаладан набыт болгондор 24 миңге чамалады


Бириккен Улуттар Уюму апааттын толук кесепети азырынча анык боло электигин эскертти.
Бириккен Улуттар Уюму апааттын толук кесепети азырынча анык боло электигин эскертти.

Соңку маалыматтарга караганда, Түркияда катуу жер титирөөдөн 20 миңден ашык адам мерт болду, Сирияда 3,5 миңден көп кишинин сөөгү табылды.

Бириккен Улуттар Уюму апааттын толук кесепети азырынча анык боло электигин эскертти. Куткаруучулар урандыларды тазалап жатат, бирок аман калгандарды табуу үмүтү дээрлик калган жок.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогон жер титирөөнү “кылымдын кырсыгы” деп атады. Өлкөдө жабыркагандарга жардам берүүгө байланыштуу нааразылык айтылып жатат.

Түркия менен Сирия чектеш аймакта 6-февралда жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Андан бери бери 1,5 миңден ашык жер титирөө катталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG