Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Айыл чарба министрлиги: ортомчулар пияз экспортуна уруксат сурап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда фермелер менен жолукту. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын билдиришинче, буга дыйкандар пиязын сата албай, Ивановка айылында 50 миң тонна пияз сакталып турат деген маалымат негиз болгон.

"Фермерлер өздөрүндө аз өлчөмдөгү гана пияз сакталып турганын, көп өлчөмдөгү пияз убагында бир килосун 7-10 сомдон сатып алган ортомчуларда экенин айтышты. Ошол ортомчулар пиязды сыртка чыгарууга салынган тыюуну алып салууну суранып жатышат",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда Чүйдө айрым фермерлер пиязын сата албай жатканы тартылган видеолор тараган.

Айыл чарба министрлиги өкмөттүн токтомуна ылайык, 31-январдан тартып пиязды сыртка экспорттоого үч айлык тыюу салган.

Анда мындай чара азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык жактан маанилүү товарлардын баасы жогорулап кетишине жол бербөө максатында көрүлгөнү, мындай чектөөнү Казакстан менен Өзбекстанда дагы киргизилгени билдирген.

Соңку кезде Кыргызстанда азык-түлүк кайра кымбаттаганы байкалууда. Өзгөчө пияздын баасы жогорулап, килограммы 60-70 сомдон сатылып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG