Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Кемпир-Абад иши: Мамбетжунус Абылов абактан ооруканага которулду


Мамбетжунус Абылов.
Мамбетжунус Абылов.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган Мамбетжунус Абылов Улуттук госпиталдын урологиялык бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Эркин Булекбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Абылов бир канча күндөн бери саламаттыгына даттанып жүргөн жана ага эми операция жасалмакчы.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Шаардык сот аларды февралдын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу ага чейинки инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG