Түркия менен Сирияда катуу зилзаланын айынан набыт кеткендердин саны 20 миңден ашты. Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бейшемби күнү кечинде 17134 киши мерт болгонун ырастады. Сирияда апаатта бери дегенде 3162 адамдын өмүрү кыйылды. Миңдеген адам жараат алып, там-ташынан айрылды.
Урандыларды тазалоо уланып жатат жана мындан улам курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн.
Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу Хатай провинциясында зилзалада бир кыргыз жараны каза тапканын, анын сөөгү урандылардын алдынан табылганын "Азаттыкка" ырастаган. Маалыматка ылайык, 37 жаштагы кыргызстандык келин жергиликтүү карыяны багып, иштеп жүргөн. Карыя менен кошо аны караган келин да набыт болгонун консулдукка иш берүүчү үй-бүлө тастыктаган. Консулдуктун кызматкерлери мигрант келиндин сөөгүн мекенинен жөнөтүүгө аракет кылып жатат.
Түркия менен Сирия чектеш аймакта 6-февралда эки жолу күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Табигый кырсык Түркиянын 10 аймагында болду. Бул өлкөдө расмий эсепте 25 миңдей кыргыз жараны бар.