Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

"Азаттыктын" жетекчилери Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолукту


Жогорку Кеңеш тараткан сүрөт.
Жогорку Кеңеш тараткан сүрөт.

Бүгүн, 9-февралда "Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жетекчилери Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушканын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда депутаттар Жанар Акаев, Эльвира Сурабалдиева, Медербек Алиев, Чыңгыз Айдарбеков, Нилуфар Алимжанова, Сеидбек Атамбаев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев жана Эмил Токтошев катышып, “Азаттык Медиа” мекемесине байланыштуу соңку окуялар талкууланганы айтылат.

Депутаттар менен жолугушууга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай, Борбор Азия боюнча программалык редактору Толкун Умаралиев, “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Жуматаева жана Бишкектеги бюросунун башчысынын милдетин аткаруучу Бакыт Асанов катышты.

“Депутат Жанарбек Акаев демократиялык баалуулуктарды жайылтууда жана эркин коомду түзүүдө “Азаттык” радиосунун салымы чоң экенин айтса, депутат Эльвира Сурабалдиева өлкөнү өнүктүрүүдөгү көз карандысыз медиалдардын ролу боюнча кеп кылды. Жолугушууга катышкан башка депутаттар да эркин жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгү жана бул жааттагы мыйзамдык база тууралуу сөз кылышып, ар кандай жагдайларга карабай Кыргызстан демократиялуу, ачык коом бойдон кала берерин белгилешти", - деп айтылат билдирүүдө.

Былтыр 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медианын” веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга негиздеген.

Министрликтин бул кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап чыгышты.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырып келет.

Соңку жолу 20-январда АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес жана комитеттин мүчөсү Жим Риш Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жана "Азаттык" радиосу туш болгон чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кат жолдошкон. Алар "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам көз карандысыз медианы чектөө үчүн, өзгөчө "Азаттык" радиосунун сайттарын жана банк эсебин бөгөттөө үчүн колдонгонун айыпташкан.

Буга президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 22-январда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берип, өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин жана "Азаттык Медиа" боюнча чечим мыйзамдын талабына ылайык кабыл алынганын белгилеген.

Ага чейин Human Rights Watch уюму, "Журналисттерди коргоо комитети" жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор, кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого" чакырышкан. АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү кыргыз бийлигине кайрылган.(TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG