Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Чечен парламенти Рамзан Кадыровго "журт атасы" деген титул ыйгарды


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

Чеченстанда парламент бул аймактын башчысы Рамзан Кадыровго "журт атасы" деген титул берди. Депутаттар бейшембиде республикалык Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү бир добуштан колдоду. Кавказ.Реалии басылмасынын билдиришинче, ага ылайык, аймактын башчысы чечен тилинде "Мехк-Да" ("журт атасы" деген маанини билдирет) деген аталыштагы наам ыйгарылды.

Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү чечен парламентинин башчысы Магомед Даудов сунуштаган. Кадыровдун жаңы титулу тууралуу медиада талаш-талкуу башталганда Мамлекеттик Думанын депутаты Адам Делимханов "Мехк-Да" чечен сөзүнөн орусчага "республиканын жогорку кызмат адамы" деп которуларын билдирген. Ал Телеграм-каналына "Мехк-Да" түшүнүгү "Чеченстандын башчысынын диндин, улут менен анын кызыкчылыгын, маданиятын, тарыхын жана каада-салтын коргоочусу катары ролун толук көрсөтөт",-деп жазды.

Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери Кадыров согуштун башкы үгүттөөчүлөрүн бири болуп калды. Ал фронтко жөнөтүлгөн жалданма согушкерлер тууралуу маал-маалы менен маалымат берип келет. Ошондой эле Украинанын жогорку кызмат адамдарын опузалаган бир катар билдирүүлөрдү жасаган.

Кадыров Чеченстанды 2007-жылдан тартып башкарып келет. Укук коргоочулар аны адам укуктарынын бузулушуна, бийликке сын айткан жарандардын уурдалып, киши колдуу болушуна байланыштуу айыптап келет. Ага каршы АКШ, Европа Биримдиги баштаган бир катар өлкөлөр санкция салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG