Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Флай кыргыз бийлиги менен жолукту


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай, 14-сентябрь, 2021-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай, 14-сентябрь, 2021-жыл.

8-9-февралда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай Бишкекте кыргыз бийлиги жана жарандык коомдун өкүлдөрү, бир катар элчилер менен жолугуп, «Азаттыктын» айланасындагы маселелерди жана өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын талкуулады.

Жейми Флай «Азаттыктын» кыргыз элине так жана калыс маалымат таратуудагы ролу жөнүндө натыйжалуу сүйлөшүү үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолукту.

Эл аралык медианын президенти Жогорку Кеңештин депутаттары, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери, Европа Биримдигин Кыргызстандагы өкүлү Мэрилин Йосефсон, Франциянын жана Германиянын элчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү жана «Азаттык» радиосунун Бишкек бюросунун журналисттери менен жолугушуу өткөрдү.

Флай ар бир жолугушууда Кыргызстандагы көз карандысыз медиа каражаты болгон «Азаттыктын» тарыхый ролун баса белгиледи. «70 жылдык тажрыйба кыргыз эли бейтарап маалымат алууга кызыкдар экенин көрсөтөт» - деди Флай. «Биз кыргыз өкмөтүн көз карандысыз маалымат каражаттарына каршы бардык чабуулдарды токтотууга жана региондо Кыргызстандын эң эркин медиа чөйрөсүн сактап калууга чакырабыз».

9-февралда Бишкектин райондук соту кыргыз өкмөтүнүн “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу тууралуу арызын кароону 20-февралга жылдырды.

Бишкек шаарынын административдик соту болсо "Азаттык Медиа" мекемесинин Финансылык чалгын кызматына каршы арызын кароону 16-мартка жылдырды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу өкмөттүн цензура орнотуу үчүн мыйзамсыз аракеттерин токтотуу максатында бардык мыйзамдуу жолдорду колдонот.

Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG