Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Ош: кыргыз-өзбек чек арасынын аймагында жашыруун тоннел табылды


УКМК былтыр жаз-жай айларында Кара-Сууда чек арага жакын аймакта жашыруун тоннелдер табылган бир нече факт катталганын билдирген.
УКМК былтыр жаз-жай айларында Кара-Сууда чек арага жакын аймакта жашыруун тоннелдер табылган бир нече факт катталганын билдирген.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Ошто Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жашыруун тоннел табылганын билдирди.

"Мыйзамсыз иш-аракеттерге каршы чаралардын алкагында Ош облусундагы Кара-Суу районунда чек арага жакын аймактагы үйлөрдүн биринен тоннел табылды. Анын эни 1,5 метр, туурасы 80 сантиметр, ал эми жалпы узундугу 200 метр болгон жана ичинде тепкичтер курулган. Бул фактыны тергеп-иликтөө уланып жатат",-деп жазылган маалыматта.

УКМК былтыр жаз-жай айларында Кара-Сууда аткезчилик үчүн эки өлкөнү байланыштырган жер астындагы жашыруун жайлар табылган бир нече факт катталганын билдирген.

Июнь айында Баткенде дагы кыргыз-өзбек чек ара тилкесинин алдынан өткөн тоннел аныкталганын кабарлаган. Анда Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы үйлөрдүн биринде болгону айтылган.

УКМК мындай тоннелдер эл керектөөчү товарларды жана курал, ок-дары, акча, маңзат ташуу, мыйзамсыз миграция үчүн колдонуп келишкен белгилеген.

Атайын кызмат бул кылмыш иштерин тергөө, жоопко тартуу тууралуу маалымат берген эмес.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG