Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Салык кызматы декларация тапшырууга милдеттүүлөрдүн тизмесин жарыялады


Ишкерлерди колдоо борбору.
Ишкерлерди колдоо борбору.

Салык кызматы 2023-жылдан тартып Кыргызстанда декларация тапшыруунун биринчи этабы башталганын билдирди. Анда тизмеге жыл сайын милдеттүү түрдө салык декларациясын тапшыргандардан башкалар дагы кошулганы кабарланды.

Быйыл 1-майга чейин 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек:

  • Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди аткарган мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;
  • Мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
  • Эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
  • Жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.

Салык кызматы 2026-жылдан тартып бардык жарандар салык декларациясын тапшырууга милдеттүү болорун эскертти. Ага чейин жалпы салыктык декларациялоо этап-этабы менен киргизилет, анын биринчи этабы быйыл иштей баштайт.

Кийинки жылдан баштап салык салынуучу киреше алган бардык ишкерлер милдеттүү түрдө декларация тапшырышы керек. Быйыл 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, 1-майга чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер декларациясын тапшырышы шарт.

Кыргызстандын мыйзамдарында саясий кызматтарды ээлегендер жыл сайын кирешеси, мал-мүлкү боюнча декларация тапшырат. Бирок буга чейинки декларациялык кампаниялардын жыйынтыгында өлкөдөгү эң бай делген аткаминерлердин айрымдары мүлктөрүн жашырып, кагаз жүзүндө кедей болуп чыкканы коомчулукта сын-пикирлерди жараткан. Буга байланыштуу кыргыз бийлиги жогорку кызматкерлердин мүлктөрүнүн ачыктыгын камсыз кылуу боюнча бир катар демилгелер менен чыккан.(TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG