Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

Түркия: кыргызстандык куткаруучулар тирүү калган төрт адамды тапты


Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын зилзала болгон аймагында. Кахраманмараш шаары. Февраль, 2023-жыл.
Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын зилзала болгон аймагында. Кахраманмараш шаары. Февраль, 2023-жыл.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Түркиянын зилзала болгон Кахраманмараш шаарында иштеп жаткан кыргызстандык куткаруучулар жалпы төрт адамды урандылардын арасынан тирүү алып чыкты.

Маалыматка ылайык, 12-февралда саат 22:00 чамасында урандылардын арасында тирүү калган адам бар экени аныкталып, алты жарым сааттай тынымсыз казуу иштеринин кийин 50 жаштар чамасындагы эркек киши аман-эсен куткарылган.

Андан алдын, 7 жаштагы баланы уранды алдынан аман таап чыкан. 11-февралда кыргызстандык куткаруучулар жер титирөөнүн алтынчы күнүндө 22 жаштагы кош бойлуу келинди, 16 жаштагы өспүрүмдү уранды алдынан алып чыккан эле.


Түркиянын зилзала болгон аймактарындагы куткаруу иштерине Кыргызстан кечээ 80 куткаруучу жана алты дарыгер жиберди. 67 куткаруучу кыйроонун эртеси күнү эле жөнөп кеткен.

80 куткаруучу жана алты дарыгер 12-февралда жардам иретинде дары-дармектерди, медициналык жабдууларды, буюм-тайымдарды жана кийим-кече өңдүү зарыл буюмдарды, ошондой эле 75 боз үй ала кетишти.

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында болгон 7,8 баллга жеткен зилзалада 33 миңден ашык адам набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз калды.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG