Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:14

Өзбекстан менен Ооганстан темир жол келишимин узартты


Ооганстандагы темир жол. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооганстандагы темир жол. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстан менен Ооганстан "Хайратон — Мазари-Шариф" темир жол линиясын пайдаланууну дагы эки жылга узарткан жаңы келишимге кол койду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар "Өзбекстан темир жолдору" компаниясынын маалыматына таянып кабарлашты.

Термезде өткөн сүйлөшүүлөрдө Ооганстан темир жол башкармалыгы менен "Согдиана транс" ишканасы ("Өзбекстан темир жолдоруна" тишелүү компания ) жолду дагы эки жылга биргелешип пайдалануу боюнча келишимге жеткен. Тараптар жүктөрдү "Мазари-Шариф" станциясына чейин жеткирүүнү тез арада калыбына келтирүү жана ооган темир жол адистерин даярдоо тууралуу макулдашты.

1-февралда мурдагы келишимдин мөөнөтү аягына чыгып, 10-февралда тараптар темир жолду пайдалануу боюнча жаңы протоколго кол коюшкан.

Былтыр декабарда Ооганстандын Tolo News телеканалы "Талибан" ‎ аталган темир жолду тейлөө боюнча казакстандык Mansour Fatih компаниясы менен келишимге кол койгонун билдирген эле. Бирок "Өзбекстан темир жолдору" компаниясы "Хайратон –Мазари-Шариф" темир жолун башкаруу укугунан ажыраганы тууралуу маалыматты четке каккан.

"Согдиана транс" 2011-жылы "Хайратон — Мазари-Шариф" темир жол линиясын пайдалануу жана тейлөө үчүн түзүлгөн.

Ооганстан импортунун дээрлик жарымы жана гуманитардык жүктөрдүн басымдуу бөлүгү "Хайратон" станциясы аркылуу өтөт.

Февралдын башында Улуттар Уюму Ооганстанда кычыраган кышта 6 миллион киши "ачарчылыктын чегинде" турганын эскерткен. 2021-жылы августта “Талибан” кыймылы Кабулда бийликти басып алгандан кийин эл аралык жардам токтоп, андан бери миллиондогон киши жакырчылыкка батты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG