Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

Америкалыктар Канаданын үстүнөн "табышмактуу" аппаратты атып түшүрдү


Кытайдын аба шары атып түшүрүлгөн учур. 4-февраль, 2023-жыл.
Кытайдын аба шары атып түшүрүлгөн учур. 4-февраль, 2023-жыл.

11-февралда Кошмо Штаттардын cогуштук истребители Канаданын үстүнөн белгисиз учуучу аппаратты атып түшүрдү. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жарандык учактарга тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгондуктан "табышмактуу объектини" атып түшүрүүгө буйрук бергенин билдирди.

Аляскадагы канадалык-америкалык базадан чыккан F-22 истребители атып түшүргөн аппараттын калдыктарын канадалык аскерлер чогултуп, чоо-жайын иликтөөгө киришти.

Бул окуяга АКШ менен Канада мүчө болгон НАТО дагы тынчсыздануусун билдирди.

Мындай окуя Түндүк Американын аба мейкиндигинде буга чейин да болгон. 4-февралда Кошмо Штаттардын армиясы “тыңчы” деп мүнөздөлгөн кытайлык учуучу шарды Атлантика океанынын Түштүк Каролина штатына тушташ жээгинде атып түшүргөн. Кытай аны жарандык "метеорологиялык зонд" деп сыпаттап, АКШнын “чектен чыккан реакциясын” сындап, эл аралык нормаларды бузду деп нааразы болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG