Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:08

"Байлар байдай төлөсүн". Өкмөт салыктан качпоого чакырды


Көзөмөл-кассалык аппараттардын (ККМ) бир үлгүсү. Иллюстрациялык сүрөт.
Көзөмөл-кассалык аппараттардын (ККМ) бир үлгүсү. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров элди салык төлөөнү үйрөнүүгө чакырып, салыктар кайра эле жакшы иштерге - айлык, социалдык төлөмдөргө кетерин айтты.

Өкмөт акыркы эки жылдан бери салык саясатын жакшыртып, бул тармакта реформа кылып жатканын билдирип келет. Кыргызстанда салык төлөө маданияты кандай жана ишкерлер менен эл эмне үчүн салыктан качат?

Өкмөт: салык ашыгы менен жыйналды

9-февралда Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарды. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, былтыр өкмөт жаңы салыктарды киргизбей жана салыкты көтөрбөй туруп планды ашыкча аткарганын айтты.

Маалыматка ылайык, Салык кызматы өткөн жылы 207 млрд. 901,6 млн. сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул белгиленген пландан 3,7 млрд. сомго көп. Чогултулган сумма 2021-жылкы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 63,8 млрд. сомго арбын.

Өкмөт башчы мындай жыйынтыкты салык жыйноо системасы кайра түзүлгөнү, адам фактору, аткезчилик азайганы менен байланыштырып, салыктын мааниси тууралуу мындай деди:

“Биз салык төлөөнү баарына үйрөтүшүбүз керек. Бул да биздин жумушубуздун чоң бир бөлүгү. Салык “жакшылыктын айлампасы” деп коёт. Сиздердин жардам менен президент, өкмөт, биз чогулткан акчаны антикризистик иштерге, экономиканы көтөргөнгө 126 млрд. сарптадык. Анын ичинде 15 млрд. сом бөлүп жөлөк пулдарды эки эсеге көбөйттүк. Муну 487 миң адам алат. Мунун баары болбосо да акыл-эси барлар сиздерге батасын берип жатат да. Анан анча-мынча киши урушуп койсо каргышына калам деп кетип калбай 487 миң кишини ойлош керек. Анын ичинде 110 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлө, 205 миңден ашык ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, 36 миңден ашык бала, турмуштук оор жагдайга кабылган алты миңдей балдарыбыз бар”.

Салык кызматына быйыл 247,6 млрд. сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу тапшырмасы коюлган. Бул 2022-жылга караганда 40 млрд. сомго көп. Мекеме январь айында 17 млрд. 854,2 млн. сом салык жыйнап, план 883,3 млн. сомго ашыгы менен аткарылганын билдирүүдө.

“Биз мындан ары да даректүү жардам берүүлөрдү күчөтүшүбүз керек. Кыргызстанда 1 млн. 500 миңдей үй-бүлө бар. Ошонун ичинен 210 миңден ашык жакыр үй-бүлөнү мамлекет багып алышы керек. Анан 200 миңдей байларыбыз бар. Байлар салыкты байлардай төлөшү керек. Биз салыкты бардыгына бирдей кылып бердик. Биз эми байлар такыр жашыра албай турган активдеринен салык ала башташыбыз зарыл. Салык кызматынын иштөө ыкмалары да ошого жараша өркүндөшү керек”, - деди Акылбек Жапаров.

Кыргыз бийлиги акыркы эки жылдан бери салык саясатын өзгөртүү аракетин көрүп, 2022-жылы жаңы салык кодекси иштеп баштаган. Ага ылайык, мамлекеттик жана жергиликтүү салыктын саны бирге азайып жети салык - киреше салыгы, пайда салыгы, кошумча нарк салыгы, акциз салыгы, жер казынасын пайдалануу салыгы, сатуу салыгы жана мүлк салыгы калган.

Салык төлөөдөгү машакаттар

Өкмөт жаңы Салык кодекси менен салык төлөөнүн жол-жоболору жакшыртылып, ачык-айкындуулук, бирдей шарт түзүү, коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатканын билдирип келет. Бирок бизнес-акыйкатчынын милдетин аткаруучу Нурлан Мүсүралиев салык төлөөдөгү бюрократиялык тоскоолдуктар толук жоюлбай жатканын айтууда.

Нурлан Мүсүралиев.
Нурлан Мүсүралиев.

“Ар бир жаран салык төлөөгө милдеттүү. Бирок канча төлөш керек жана кантип төлөш керек деген эки суроо бар. Ишкерлердин көбү салык башкаруу тутуму өтө эле татаал дешет. Бизнесмендер өкмөт салык төлөөнү жөнөкөйлөштүрсө, жеңилдетсе салык дагы көп чогулат эле деп айтышат. Биз жаңы чакырыктарга каршы эмеспиз. Ошол эле ККМ атаандаштык үчүн, ак ниет ишкерлерге, көмүскө экономиканы алып чыгууга жакшы. Бирок ал тууралуу алдын ала маалымат компаниясын кылып, ишкерлерге түшүндүрүп анан ишке киргизиш керек”.

ККМ демекчи өкмөттүн бул аппаратты милдеттүү коюу талабы ишкерлердин нааразылыгы менен коштолуп келет. Бишкектеги, аймактардагы чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү былтыр ага каршы бир нече жолу акцияга чыгышкан. Расмий маалымат боюнча, ушу тапта 65 миңден ашык ишкер көзөмөл-кассалык аппараттарды (ККМ) колдонуп жатат. 2022-жылы ККМге өткөн ишкерлер дээрлик үч эсеге көбөйгөн.

Салык кызматы быйыл 1-мартта фискалдык модул менен иштөө функциясы жок ККМди колдонуу мөөнөтү аяктай турганын эскертип, ишкерлерди аны жаңылап алууга чакырган. Ал эми базарларда, чакан базарларда, жармаңкелерде жана көргөзмөлөрдө соода кылгандар 1-апрелге чейин ККМ колдонбой, патенттин негизинде иштесе болот. Салык кызматынын эсебинде өлкөдө ККМ колдонушу зарыл болгон ишкерлердин саны 100 миңдин тегерегинде.

Эл аралык ишкердик кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков да салык төлөөдөгү машакаттар боюнча маселе көтөрдү.

“Эгерде мыйзамдар анын ичинде салыктарды төлөөдө бюрократия жана коррупция көп болсо эл да, ишкерлер да мыйзамсыз иштерге барышы мүмкүн. Ооба, бизде жакшы иштер жасалды. Салык кодексинде жакшы инструменттер пайда болду. Бирдиктүү салык, кошумча нарк салыгын кайра кайтарып берүү механизмдери киргизилди. Бирок жаңы кодекс чийки болуп баягыдай эле бюрократия болуп атат. Текшерүү аз болот, салыкты оңой эле төлөйсүң десе эл да, бизнес да аны аткарат”.

“Өкмөт ачык иштеши керек”

Экономика жаатындагы эксперт Темирбек Ажыкулов Кыргызстанда өкмөт же министрликтердин жетекчилери алмашкан сайын салык саясаты да улам-улам өзгөрүп, жаңы эрежелер киргизилип ишкерлерге тоскоол болуп жатканын айтып, ачыктык маселесин көтөрдү.

Темирбек Ажыкулов.
Темирбек Ажыкулов.

“Салык төлөө темасы улам-улам көтөрүлүп жатканы жакшы. Анткени бул бир күндө эле ордуна коюлуп калчу нерсе эмес. Салык төлөө маданияты күндөн-күнгө жакшыра берет. Бирок бирөөдөн бир нерсе талап кылардан мурда өзүң да ошого жараша иш кылышың керек. Мисалы, азыр өкмөт канчалык ачык, коротулуп жаткан акчанын отчёту барбы? Өкмөт 10 жыл мурда бюджеттен коротулган акчадан мамлекетке пайда болушу керек деп мониторинг кыла баштаган. Өкмөт элге силер салык төлөгүлө биз ал акчага ушундай иштерди кылабыз деп маалымат бериши керек. Азыр ортодо ушундай көпүрө жок болуп жатат”.

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” деген ураан менен лотерея өткөргөн. Ага 170 миңден ашык адам катышып, жалпысынан 18,3 млрд. сомго 17,9 млн. лотереялык ID-билеттерди топтошкон. Лотереянын жеңүүчүлөрүнө батир, автоунаалар жана башка баалуу белектер берилген. Мекеме лотереяны быйыл да уюштурууну пландап жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG