Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Президент Садыр Жапаровдун Венгриядагы расмий сапары башталды


Президент Садыр Жапаровду Венгрия президентинин администрация башчысы Геркели Эклер тосуп алды. Будапешт. 12-февраль, 2023-жыл.
Президент Садыр Жапаровду Венгрия президентинин администрация башчысы Геркели Эклер тосуп алды. Будапешт. 12-февраль, 2023-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 12-февралда Венгрияга расмий сапар менен барды. Мамлекет башчыны жана анын жубайын Будапешт шаарындагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропорттон Венгрия президентинин администрация башчысы Геркели Эклер тосуп алды.

Президент Жапаров расмий сапар учурунда Венгриянын президенти Каталин Новак баштаган бир катар жетекчилер менен жолугушат. Мындан тышкары, кыргыз-венгер бизнес форумуна катышат.

Сапар алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Буга чейин Садыр Жапаров Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу баяндаганда Европадан Венгрия менен мамиле бекемделип жатканын айткан.

2021-жылдын ноябрында Бишкекте Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы болгон жана анын капиталы 50 миллион доллар болору айтылган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG