Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Кыргызстан-Венгрия: стратегиялык өнөктөштүк декларациясына кол коюлду


Кыргызстан менен Венгриянын президенттери Садыр Жапаров менен Каталин Новак. 13-февраль, Будапешт.
Кыргызстан менен Венгриянын президенттери Садыр Жапаров менен Каталин Новак. 13-февраль, Будапешт.

Кыргызстан менен Венгриянын президенттери Садыр Жапаров менен Каталин Новак 13-февралда эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

"Тараптар эки тараптуу саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүнүн жана кыргыз-венгер Стратегиялык кеңешинин алкагында ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгилешет. Тараптар парламенттер аралык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүү жана чыңдоо ниетин билдиришет", - деп жазылган документте.

Ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдө кызматташууну жакшыртуу, айыл чарба, өнөр жай, энергетика, жашыл, креативдүү экономика, транспорт, санариптештирүү, соода, кен казуу жана текстиль өнөр жайы, билим берүү тармактарында өз ара кызматташууну, анын ичинде эркин экономикалык аймактардын ишмердиги жөнүндө тажрыйба алмашууну өнүктүрүү белгиленген.

Мындан сырткары, "Будапешт-Бишкек-Будапешт" багыты боюнча түз аба каттамын ачуу боюнча ишти улантууну макулдашты. Кыргызстандын жарандарынын Венгрияда ишке орношуусу үчүн шарттардын жеңилдетүү тууралуу дагы сөз болгон.

Президент Садыр Жапаров Венгрияга расмий сапар менен 12-февралда барды. 13-февралда Венгриянын мамлекет башчысы Каталин Новак менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Будапешт шаарында Венгриянын баатырларынын эстелигине гүлчамбар койду.

Сапар алкагында кыргыз президенти кыргыз-венгер бизнес форумуна катышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG