Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:49

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт


Бишкек шаары. 4-январь, 2023-жыл.
Бишкек шаары. 4-январь, 2023-жыл.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 15-19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука- Каныш-Кыя автоунаа жолунун 58-113 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка-Акташ жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-107 чакырымдарында кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

15-февралда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8,

Талас жергесинде түнкүсүн 2…-7, күндүз 1…6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5,

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -14…-19, күндүз -5…-10 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -5…-7°, күндүзгү жогорку температурасы 6…8 градус болот.

XS
SM
MD
LG