Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

Равшан Жээнбеков менчик ооруканага жаткырылды


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, Бишкектеги тергөө абагында жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков саламаттыгы начарлаганына байланыштуу Бишкектеги менчик клиникалардын бирине жаткырылды.

Бул тууралуу Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиева "Азаттыкка" билдирди. Ага ылайык, Жээнбеков ооруканага бөйрөгүн дарылатуу үчүн 14-февралда жаткырылган.

Маалыматты Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова "Азаттыкка" ырастап, Жээнбековдун абалы канааттандырарлык деп сыпатталып жатканын кошумчалады.

Буга чейин абактагы оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков өлкөнүн юстиция министрине, акыйкатчысына, журналисттерге жана укук коргоочуларга кайрылып, ден соолугуна байланыштуу көз каранды эмес консилиум түзүүгө жана тийиштүү дарылануудан өтүүгө жардамдашууга чакырган.

Боор оорусуна чалдыкканын билдирген саясатчы Жаза аткаруу кызматы ага Молдовановка айылындагы №31 колонияга которулуп дарыланууну сунуш кылганын айткан.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, Бишкектеги тергөө абагында жаткандардын дагы бири, жарандык активист Перизат Суранова саламаттыгы начарлаганына байланыштуу 14-февралда ооруканага жеткирилген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирген жыйырмадан ашуун жсаясатчы, активист жана блогер былтыр октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Шаардык сот аларды февралдын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу ага чейинки инстанциялардын чечимдерин күчүндө калтырган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далил жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук катары сыпаттап жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG