Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Зордукталып өлтүрүлгөн кыз боюнча сот создугуп жатканы айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кадамжайда өспүрүм кыздын зордукталып, өлтүрүлүшүнө айыпталып жаткандардын соту создугуп кеткенин бүгүн 15-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов билдирди:

“Төртүнчү жарандын соту бүгүнкүгө чейин боло элек экен. Кыздын атасы ооруп, соттон сотко чуркап жүрүптүр. 17-февралда сот отуруму болот экен. Ата-энеси суранып жатат мыйзам чегинде соттор тез карап, өкүм чыгарып берсе деп”.

Былтыр 4-сентябрда Ноогардан айылында, Ош – Раззаков автожолунун боюндагы тоннелден 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Кылмышка шектүү катары 24, 25, 27 жаштагы кадамжайлык үч тургун жана бир өспүрүм бала кармалган. Өспүрүм Жалал-Абаддагы, калган үчөө Оштогу абакка камакка алынган.

4-декабрга караган түнү Оштун тергөө абагында отургандардын экөөнүн сөөгү табылган. Жаза аткаруу кызматы алар өз жанын өзү кыйганын маалымдаган.

“Адам өлтүрүү” беренеси менен козголгон иштин тергелиши жеке көзөмөлүндө болорун мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG