Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:08

Депутат жаңы салык эрежеси майда ишкерлерди кыйнап жатканын айтты


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Салык төлөөнүн жаңы эрежелери майда ишкерлерди убарага салып жатканын бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди. Ал ишкерлер электрондук коштомо кагазга код алууда кыйналып жатышканын айтып, буга салык кызматынын даяр эместиги себеп экенин белгиледи:

“Көпчүлүк адамдар салык органдарына код киргизүү үчүн товарынын тизмесин берсе, салык органдары 1-2 айдан бери басып жатат. Жок дегенде салык органдары даяр болуп баштабайбы ушуну элдин баарын кыйнабай”.

Быйылкы жылдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) болушу шарт, азыр кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келе жатат. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалыматтык системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт.

Салык кызматы жаңы талаптын максаты ачыктыкты жана айкындуулукту камсыз кылуу экенин билдирип, “Көп ишкерлер 1-2 миң сомго патент сатып алып коюп, 30-40 миллион сомго товар сатып, өкмөттү алдап келишкен. Аны биз далилдей албай калган учурлар бар. Эми электрондук-товардык жүгүртүү болгондо ишкерге товар келгенде биздин базага автоматтык түрдө маалымат түшөт. Бардык салык төлөөчүлөр бирдей төлөшү керек” деген комментарий берген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG