Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Маммүлк Атамбаевдин үйү тууралуу маалымат берди


Атамбаевдин үйү. 2019-жыл, 8-август.
Атамбаевдин үйү. 2019-жыл, 8-август.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан "Азаттыкка" билдиришкендей, Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин балансында.

Атамбаевдин бул үйү 2022-жылы Биринчи Май райондук соту тарабынан конфискация болуп, мамлекеттин менчигине өткөн. Аталган имаратта Балдардын реабилитациялык борбору ачылмак.

"2022-жылдын 13-апрелинде "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Аламүдүн райондук филиалы тарабынан Кой-Таш айылындагы №706 чиймедеги 2,7 гектар жер тилкесинде жайгашкан 1385 чарчы метр турак жай саламаттыкты чыңдай турган борбор катары катталган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ошол эле жылдын 13-июлундагы буйругу менен конфискацияланган мүлк Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин балансына берилген. Бирок министрликтин өкүлдөрү обьекттин аймагына кире албаганына байланыштуу мүлктү кабыл ала элек", - деп билдиришти башкармалыктан.

Атамбаевдин адвокаттары менен жакындары соттун чечими жок экенин айтып келет.

Алмазбек Атамбаев 14-февралда абактан чыгып, Кой-Таштагы үйүнө келген. Ал жерден журналисттерге маалымат жыйынын куруп, соттун чечими менен үй өз менчигинде калганын айткан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG