Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Сот Орозайым Нарматованы 20-апрелге чейин үй камагында калтырды


Орозайым Нарматова сот залында. Архивдик сүрөт.
Орозайым Нарматова сот залында. Архивдик сүрөт.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган мурдагы депутат Орозайым Нарматованын үй камак мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылганын бүгүн, 15-февралда "Азаттык" радиосуна анын адвокаты Гуляна Убалиева билдирди.

Жактоочунун айтымында, мындай чечим бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда чыкты.

"Нарматова ооруканадан чыкты, абалы бир аз жакшы", - деди Убалиева.

Нарматова жүрөк оорусу кармап, 28-январда "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилгенден кийин, 30-январда үй камагына бошотулган.

Ага чейин, 27-декабрда Бишкек шаардык сотунда бөгөт чарасы каралып жатканда эсин жоготуп, кулап түшкөн Нарматованы конвой залдан көтөрүп чыгып, "Тез жардам" алып кеткен.

Мурдагы депутаттын темир тор ичинде кулап калган видеосу интернеттеги социалдык түйүндөрдө тарап, кызуу талкуу жараткан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG