Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:56

Президент Жапаров Атамбаевдин абактан чыкканы боюнча пикирин билдирди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 15-февралда “Кабар” агенттигине берген маегинде, мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин абактан бошотулганы боюнча пикирин билдирди. Ал соттун чыгарган чечимине баары баш ийип, мыйзам менен жашаганды үйрөнүшү керектигин белгиледи.

“Былтыр дагы Октябрь окуясы, мектеп салганы, чет өлкөнүн жарандарына паспорт берген кылмыш иштери боюнча сот актап жиберген. Анда деле соттун чечимине макул болушубуз керек дегенбиз. Макулбуз”, - деди президент.

14-февралда абактан бошотулган Алмазбек Атамбаев 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кетти. Бир күн мурда Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы 14-февралда соттук коллегия жаңы ачылган жагдайлар боюнча Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан кое берилишине байланыштуу чечимди жокко чыгарып, иш жаңыдан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөнүн билдирген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары аны кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга айыптаган өкүмдү жокко чыгаруу үчүн Жогорку Сотко былтыр августта кайрылышкан.

Кыргызстандын эки жолку премьер-министри, Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болгон жана 2011-2017-жылдары мамлекетти башкарган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча камалган.

2020-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, "коррупцияны уюштурууга" айыптуу деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, мамлекеттик сыйлыктарынан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган. (TAb)

XS
SM
MD
LG