Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:52

Акы төлөнө турган автожолдор боюнча маалымат берилди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстанда автомобилдик үч ири трассаны жана эки тоннелди жаңылап, акы төлөнүүчү жол катары пайдаланууга берүү пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүн 15-февралда Жогорку Кеңеште «Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланып жатканда транспорт жана коммуникация министринин орун басары Ырысбек Бариев билдирди.

Анын айтымында, аталган жолдорду өкмөт мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору катары ишке ашырууну көздөөдө:

“Алматы – Чолпон-Ата жолун, Өзгөн айланма жолун, Бишкек шаарындагы Батыш айланма жолун, Төө-Ашууга жана Белогорка – Суусамыр унаа жолуна жаңы тоннел куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу сунуштасакпы деп жатабыз”.

Бариев айдоочулардан акы алына турган бул жолдорго альтернатива катары акысыз да жолдор сөзсүз болорун кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков мыйзам долбоору өлкөнүн автомобилдик жол тармагын кеңейтүү, дүйнөлүк автоунаа тармагына ийгиликтүү интеграциялоо аркылуу экономиканын өнүгүшүнө түрткү берүү максатын көздөй турганын айтты. Сунуш колдоо тапса, “акы төлөнүүчү жолдор” деген расмий түшүнүк кирет.

Мыйзам долбоору бүгүн экинчи окууда талкууланып, кабыл алынды.

Кыргызстанда автомобилдик жолдордун жалпы узундугу 34 миң чакырымдын тегерегинде, анын 18 миңден ашуунун транспорт министрлиги тейлейт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG