Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Кемпир-Абад иши: Мадумаров менен Масалиевдин да аты аталды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кемпир-Абад маселесин көтөрүп чыккандарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинде Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев да бар экенин 15-февралда “Азаттыкка” адвокат Эркин Булекбаев билдирди.

Жактоочунун айтымында, буга чейин иштин материалдарында алар жок болчу.

Депутаттар өзүлөрү азырынча комментарий бере элек.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат, алардын айрымдары бул күндөрү ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылууда.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бербей келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG