Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Украинадагы согушта каза болгон өзбекстандык эки жарандын сөөгү мекенине жөнөтүлдү


Жалолов жана Абдумуминов.
Жалолов жана Абдумуминов.

Украинадагы согушта орусиялык күчтөрдүн катарсында салгылашкан эки өзбекстандыктын сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Алар Самарканд облусунун Булунгур районунун тургундары экенин маалымат каражаттары жазышты.

"Озодлик" радиосу аныктагандай, 24 жаштагы Шахриёр Жалолов менен 26 жаштагы Бабур Абдумуминовдун сөөгү Орусиядан Өзбекстанга 19-январда жеткирилип, шашылыш жерге берилген. Жакындары алар Украинадагы согушта өлгөнүн ырастаган документтерди да алышкан.

Буга чейин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги менен Тышкы миграция агенттиги өзбек мигранттарын чет өлкөлөрдөгү согуштарга катышпоого чакырып, бул үчүн өзбек мыйзамдарында кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскерткен.

Кыргызстандын да бир жараны, Лейлек районунун тургуну Замир Чолоев Украинадагы согушта каза болгону аныкталган. Анын сөөгү 15-февралда мекенинде жерге берилди. Чолоевди билгендер ал Орусияда абакта отурган жана "Вагнер" жалдаган аскер уюму аркылуу согушка тартылганын айтып жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG