Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

Кемпир-Абад иши: абактагылардын бөгөт чарасы каралат


Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындары. Бишкек. 2022-жылдын 22-декабры.
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындары. Бишкек. 2022-жылдын 22-декабры.

Бүгүн, 16-февралда Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына жаткан саясатчы, активисттердин бөгөт чарасын кароону улантат.

Бул күнү Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Гулнара Журабаева, Перизат Суранова, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Айданбек Акматов, Атай Бейшенбек, Мамбетжунус Абылов, Кубаныч Кадыров, Эрлан Бекчороев жана Темир Махмудовдун бөгөт чарасы каралат.

15-февралда райондук сот Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган 13 адамдын бөгөт чарасын дээрлик саат 22:00ге чейин карады.

Алардын ичинен 11и 20-апрелге чейин тергөө абагында калса,
ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган экөөнүн үй камагы дагы эки айга узартылды.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG